Мурат Мамбетов: «Эл сени бааласа, сени менен сыймыктанса бир нерсеге жеткен экем деп кубанасың»

Чыгармачылыкта жүргөн адамдар эмгектенет, иштешет. Алар эл үчүн иштешет. Бул тууралуу актёр, режиссёр Мурат Мамбетов маек учурунда билдирди.

«Жакшы ролдорду ойнойбу, кинолорду тартабы, ошондо эл тааный баштайт. Көчөдөн учурашышат, сыймыктанышат. Эл сени баалаганда, бир деңгээлге жетиптирмин деп кубанасың. Эл баалап, сыйлаганда мен бир нерсеге жеткен экем деп кубанасың. А эгер ошондой эле нерсени өкмөт, президент, маданият министрлиги бааласа, андан да кубанат экенсиң», — дейт Кыргыз Эл артисти Мурат Мамбетов.