Мурду дээрлик жок калган. Футболчу Андрей Аршавиндин мурунку жубайы коомчулукка жүзүн көрсөттү

Футболчу Андрей Аршавиндин мурунку жубайы Алиса Казьмина алгачкы жолу келбетин коомчулукка ачык көрсөттү. Акыркы убакта аутоиммундук ооруга чалдыгып, анын кесепетинен мурдунун көпчүлүк бөлүгүнөн ажыраган ал Орусиянын телеканалдарынын бирине түз эфирге барып, оорусу жана Аршавиндин апасынын айыптоосуна жооп берди. Студияга кирип келген ал сырткы келбети менен баарын таң калтырды. Мурда Алиса Казьмина жүзүндөгү өзгөрүүлөрдү жашырууга аракет кылса, эми көрүүчүлөр анын мурду дээрлик жок экенин көрүштү.

Берүүдө ал жашоосун футболчу Андрей Аршавин жана анын апасы талкалаганын айтып берди. “Болгон окуяларга карабастан мен өзүмдү колго алып, кайрадан мурунку жашоомо кайта алам”, — деди ал.

Айта кетсек, учурда футболчунун апасы келинин үйдөн кууп чыгууга аракет кылып, аны бир миллион доллар уурдаган деп айтыптап келет. Ошондой эле, келини уулун өзүнө кармап калыш үчүн кара дуба колдонгонуна толук түрдө ишенет. Ал эми Казьмина коюлган айыптарды четке кагып, бирок балдарынын келечеги үчүн жашоо үчүн да, мүлк үчүн да күрөшө турганын билдирди.