Мурунку диктор Актилек Гүлжигит кызы 4-уулун жарыкка алып келди

Мурунку диктор, Коомдук биринчи каналында «Ала-Тоо» жаңылыктар түрмөгүн алып барган диктор Актилек Гүлжигит кызы 4-уулун жарыкка алып келди.

«4 уулдун апасы болдум», — деген билдирүү калтырган Актилек. Маалыматка ылайык, мурунку тележылдыз бүгүн, 20-май күнү Ош шаарында көз жарды.

Белгилей кетсек, Актилек Гүлжигит кызы буга чейин 3 уулду жалгыз тарбиялап келген. Былтыр турмушка чыкканы маалым.