Мушкер Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбик Ысык-Көлдө эс алып жатышат (видео)

8-августта Кыргызстанга келген мушкер Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбик Ысык-Көлдө эс алып жатышат. Алар сүрөт, видеолору менен соцтармактагы баракчаларында бөлүшүп жатышат.

Хабиб Нурмагомедовдун Инстаграмга жүктөгөн Ысык-Көлдө түшкөн сүрөтүнө 300 миңден ашуун «жакты» белгисин басышкан.

Эске салсак, алар Eagle FC 49 аралаш мушташ боюнча турнирдин коноктору. Турнир 10-августта «Бишкек Аренада» (шаардык муз аянтчасында) өтөт.