«Музыкалык билимимди колдоноюн дедим». Ырчы Алтынай Асанбекова чыгармачылыкка жең түрө киришет

Гитара менен ырдап көпчүлүккө таанылган ырчы Алтынай Асанбекова чыгармачылыгынан алыс болгон мамлекеттик жумушунан кетип, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы «Кыргыз руху» ансамблине солист жана Куралдуу күчтөрдүн алдындагы Борбордук армия үйүнө ырчы болуп орношту. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өзү менен байланышканда маалым болду.

«Мамлекеттик картографиялык кызматта 5 жыл иштедим. Эми Бишкек шаардык мэриянын алдындагы Маданият башкармалыгына «Кыргыз руху» ансамблине солист, анан Куралдуу күчтөрдүн алдындагы Борбордук армия үйүнө ырчы болуп жумушка кирдим. Анан чыгармачылыгыма көбүрөөк көңүл бурайын деп картографиялык кызматтан кеттим. Эми буюрса чыгармачылыгыма көңүл буруп, иштейин деп жатам. Эки билимим бар. Эми музыкалык билимимди колдоноюн дедим», — дейт ырчы кыз.