Музыкант Викрам Рузахуновдун портрети Алматыдагы көргөзмөгө коюлду (видео)

Казак сүрөтчүсү музыкант Викрам Рузахуновдун портретин тартып, көргөзмөгө койгон. Бул тууралуу музыкант өзү соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Алматыда «Yмiт» көргөзмөсү өтүп жатат. Анда казак сүрөтчүсү, эл аралык көргөзмөлөрдүн жана арт-резиденциялардын катышуучусу Асхат Ахмедьяровдун “Шаршы кун” долбоору тартууланат.

Qandy qantar (Кандуу январь) экспозициясынын басымдуу бөлүгүн жылдын башындагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын, ошондой эле Экинчи дүйнөлүк согуштун туткундарынын портреттери ээлейт. Алардын биринчиси кыргызстандык Викрам Рузахуновго арналган.