Музыканттар Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева кыздуу болушту

Комузчу, музыкант Назбек Кенчинбаев менен жубайы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурайым Азыкбаева кыздуу болду. Маалыматты Назбек Кенчинбаев тастыктап, азырынча ымыркайын көрө электигин айтты.

“Нурайым 23-сентябрь кечке маал көз жарды. Учурда ден соолугу жакшы. Мен кызыбызды көрө элекмин. Буюрса бүгүн кирип жолугайын, анан толук маалымат берем. Азыр абдан толкунданып, сүйүнүп жатам” деди комузчу.

Музыканттар Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева кыздуу болушту