Мындай Мирбекти көргөн эмессиңер… Атабековдун бийди эзип жаткан видеосу тарады

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 14-февраль — Сүйүшкөндөр күнүнө карата уюштурулган рэп ырчысы Улукманапонун концертинде бийлеген видеосу элдин көңүлүн бурду. Социалдык тармактын колдонуучулары ырчы мырзанын ритмди сезип бийлегенин баалашууда. Видеодон Атабековдун бийин зал жарыла колдоп, сүрөөнгө алышканын көрүүгө болот.