Ырчы Назгүл Токтакунова кош бойлуу экенин ачыктады (видео)

Ырчы Назгүл Токтакунова (Yella) соцтармактагы баракчасы аркылуу кош бойлуу экенин ачыктаган видео менен бөлүштү.

Ал ошондой эле, экинчи кош бойлуулугу биринчиге караганда оорураак өтүп жатканын жазды.

Эске салсак, Назгүл Токтакунова менен жолдошу, ырчы Кубаныч Бакытов 2020-жылы 26-июнда кыздуу болуп, атын Амелия коюшкан.