Назира Айтбекова: «Эмнеге тилим, дилим, кийимим жерилип, башка эле маданият түптөлүп атат?»

«Эмнеге тилим, дилим, кийимим жерилип, башка эле маданият түптөлүп атат?». Бул тууралуу алып баруучу Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Кыргызды атайы мээсин жууп, баатырлыгын мокотуп, мүнөзүн тепсеп, сындырып аткандай сезим турат. Бабаларыбыз бул динди эмнеге кабыл алышты экен? Кыргыз эркиндикти эңсеген, оңой менен баш ийбеген эл кантип эркин байлап бериптир? Балким, ошол учурда саясат ошондой болгондур ким билсин… “Назира, асылбачы ушул темага!” дейм өзүмө, тилдейм, бирок ичимде кул мүнөз болуп, ээлик кылган кыргыз ээрип, ээрчиме болуп атканына зээним кейийт. Улутубуздун өзгөчөлүгү, намысыбыз, кайратыбыз, касиетибиз, тамырыбыз кайда? Эмнеге тилим, дилим, кийимим жерилип, башка эле маданият түптөлүп атат? Кыргызды кызганып атам!» — деп жазды ал.

Буга чейин депутат Шарапаткан Мажитова паранжа менен узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Шалбырагандарды кийип, 25-30 жаштагы жигиттер киндигине чейин сакал койгон эмес. Жоолукту салынгыла, бирок башка журттун, башка диний агымдардын үрп-адатын алып келбегиле» деген болчу.