Назира Айтбекованын мурдагы күйөөсү 6 жылдан кийин ажырашуусу тууралуу үн катты

Алып баруучу Назира Айтбекованын мурдагы жолдошу Искендер Шаршеев соцтармактагы баракчасына 6 жылдан кийин экөөнүн ажырашуусу тууралуу пост жазды.

«Ажырашуу учурунда өткөн жашоого эшикти жаап койдум деп ойлочумун. Бирок кээ бир адамдар ошол эшиктин жылчыгынан кароого аракет кылып жатышат. Эгер унчукпай отурсам, бул мен жана менин үй-бүлөм жөнүндөгү жомоктор чын экенин билдирбейт. Бир жактуу маалымат болбосун деп, сиздерге хронометраж жасап берейин.

Назира экөөбүздүн ортобузда ажырашуу тууралуу сөз биринчи жолу 2015-жылы башталган. Биз таптакыр бири-бирибизге төп келишпеген адамдар болчубуз. Башка үй-бүлөдөгүдөй түшүнбөстүктөр экен го деп жүргөм. Бала үчүн үй-бүлөнү сактап турганбыз. Акыркы жылы бактылуу үй-бүлөнүн элесин элге тартуулаганбыз. Бирок табиятынан бул көрүнүш көпкө чейин созулган жок. 2016-жылдын күзүндө Дубайдагы кезектеги чет элдик эс алуудан кийин Назира бардык буюмдарын жыйнап, балам менен өз апасын үйдөн көчүрүп кетип, аз убак өтүп “талак” сураган. Ажырашууга арыз бергенбиз. Назира ажырашуу тууралуу эч кимге айтпай турууну суранды, анын себебин «коомдо ажырашкандар үчүн кыйынчылыктар көп болот» деп түшүндүрдү. Мен макул болдум. Алыскы эмес келечекте мага ошонун кесепети катуу тийди.

Ажырашууга арыз таштадык. Уулума чет элдик паспорт жасап бердим, мурунку жубайдын чет элдеги жеке жашоосу орундалган болчу. Ажырашуу процесси жарым жылга созулду, сот дагы ойлонгула деди. Бул убакыттын ичинде мурунку жубай айтканына ылайык, анын башка менен карым-катнаштары алдыга жылбай калды. Бул жерден туура түшүнүү керек, ажырашкандан кийин биз кадимки сый-урмат мамиледе жүрдүк. Уулум үй-бүлөдөгү күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн улам жабыркап калбасын деп үчөөбүз тез-тез жолугушуп жаттык, чогуу убакыт өткөрүп.

2016-жылдын декабрь айында Эльвира менен жаңы жылдык кечеден таанышып калдым. Ал жерде «баш заматта айланды-тегеренди, карым-катнаш от алды» деген нерсе болбоду. Жок. Мен эч качан үйлөнүп, аял алып азапка кайта малынбайм деп ойлонуп жаткам (мурунку никемден бир топ түңүлүп калгам). Ооба, Элли дагы өзүнүн жашоосун ажырашкан адам менен байланыштыргысы келген эмес, анын бир нече жолу жолугушуудан баш тартканына караганда. Мен аны менен кышта кезиккенден бери бир топ убакыт ашканда гана жаңы жолугушууларга чакыра баштагам.

Ажырашуу тууралуу «чатак» фотосессияга чейин эч ким билген эмес. Журналисттер мага телефон чалып, ар кандай адамдар жазып, “аялыңдын” сүрөттөрүнө кандай карайсың деген суроолорду бере башташты. Ажырашуу боюнча интервью берүүгө туура келди. Никеси жок деп үй-бүлөлүк абалын жаңылоо үчүн паспортун өзгөртүү тууралуу кубанычтуу билдирүүлөрүнө чын жүрөктөн кубандым. Анын Түркиядан, Дубайдан түшкөн сүрөттөрүнө чын жүрөктөн сүйүндүм. Демек, мен менен канатын жайылта албай жаткан турбайбы, ырас болуптур, эмнеге буга чейин ажырашышкан эмес элек, эмнеге мынча убакыт бири-бирибизди кыйнадык деп ойлодум. Бири-бирибизге эки сол буттагы өтүктөй төп келиптирбиз, какшыктаса. 2017-жылдын жай айларында калың эл мени Эльвиранын коштоосунда улам-улам көрө башташты, анан балээ башталды… Көптөгөн тааныштар ызы-чуу салышты, себебин эсиңиздерге сала кетейин “мен ажырашуу абалын ачыкка чыгарбоого макул болгом». Чындыгында «Жакшылык кылба, сага жамандык болбойт» деген орус макалындай эле болду. Үй-бүлөлүү болгондон кийин баары мени башка кыз менен аялынын көзүнө чөп салып жүрөт деп ойлошту. 

Эми баарынын күтүлбөс таң калуусун элестеткиле, эгер бул фотосессия болбогондо ажырашуу жарыясы болмок эмес. Анда жөн жай туруп тарс эткендей мен жаңы аял алсам ого бетер элдин ээси оомок.

Бирок эгер тигинин пландаштырылган жеке жашоолору ишке ашса, баары башкача болмок деп ойлоп калам. Албетте, сиздердин назарыңыздарга —  алданган күтүүлөр, таштап кеткен аял ыйы, тирүүлөй ата турганда жетим болуп калган уул жана башка ушул сыяктуу жүрөк өйүткөн уламыштар болмок эместир?! Болгону мен, ушундай шерменде, эрте үйлөнүп алыптырмын. Же негизи үйлөнүптүрмүн, “балага кам көрбөгөн”, ”көчөгө кубалап чыккан” деген өзүнчө баяндар бар, алар, сиз ойлогондой эмес, калп. Андыктан жалган божомолдорду жасабаңыз. Эч ким эч кимди таштаган жок. Хронология боюнча мен тараптан чыккынчылык да болгон жок. Андыктан, ар дайым эсиңизде болсун: «Сиз үчүн коюлган шоу — бул жөн гана шоу», — деп жазды ал.