Назира Жетигенованын апасы: «Атасы эркек болсо, атын Кылычбек коём деп жүрчү»

8-март — Аялзатынын эл аралык майрамына карата SuperTV телеканалы куудул Назира Жетигенованын апасына белек кылып, майрамдык маанай тартуулады. «Кызым тентек болгону үчүн төрөтканага жетпей, үйдө төрөлгөн» деген куудулдун апасы менен маек курдук.

Апасы кызынын кичине кезинде шок кыз болгонун айтты. «Атасы эркек болсо, атын Кылычбек коём деп жүрчү. Үйдөн төрөлгөн. Атасы документин өзү алган. 20сы төрөлгөн, документте 24ү болуп калган», — деди апасы.