Назира Жетигенованын кызы: «Апама көбүнчө кичүүлөр жазат. Мен өзү теңдүүнү табышын каалайм»

“Бейишим – ата-энем” долбоорунун кезектеги коноктору Назира Жетигенова жана анын кыздары болду. Алар эне менен кыздын ортосундагы мамиле, бири-бирине болгон байланыш, сезимдери тууралуу айтып, ачык маек куруп беришти.

«Апамдын өзүнүн теңин тапса деп каалайм. Бирок мен ата катары кабыл ала албайм. Апама көбүнчө кичүүлөр жазат. Мен кеңеш берем, өз теңдүү эле тапсын. Эмне кереги бар? Үйлөнө элек балдар жазышат. Бир досу бар, ал ушунчалык сонун адам, бирок досу эле да. Мен ишенем бирөө табылат», — деди кызы.