Назира Жетигенованын кызы: «Атамдын азыркы аялы акылдуу, жакшы аял»

“Бейишим – ата-энем” долбоорунун кезектеги коноктору Назира Жетигенова жана анын кыздары болду. Алар эне менен кыздын ортосундагы мамиле, бири-бирине болгон байланыш, сезимдери тууралуу айтып, ачык маек куруп беришти.

«Кичүү кызымдын мүнөзү меникине окшош. Ал эми улуусу эрке, назик. Бирок өзүнө тура алат. Мен кыздарымдын атасына эч качан тыюу салган эмесмин. «Келип, жолугуп кет» дечүмүн. Ал экинчи жолу үйлөнүп, балалуу болгондо чанда жолугуп калышты. Ага чейин бат-баттан келип, паркка алып барып турчу. Азыркыга чейин сүйлөшүшөт», — дейт Жетигенова.

«Атамдын жоктугу деле билинген жок. 1,5-2 жашымда акыл кире элек кезде атам жок болуп, билинген жок. 4-классымда келип, паркка алып барчу. Мен атамды аябай жакшы көрөм. Атамдын аялы аябай жакшы, акылдуу аял. Азыр 2 эркек, 1 кызы бар», — деди кызы Азиза.