Назира Жетигенованын кызы: «Мен апам менен мактанбайм, сыймыктанам»

“Бейишим – ата-энем” долбоорунун кезектеги коноктору Назира Жетигенова жана анын кыздары болду. Алар эне менен кыздын ортосундагы мамиле, бири-бирине болгон байланыш, сезимдери тууралуу айтып, ачык маек куруп беришти.

«Мен 16 жашымда турмушка чыктым. 2 айдан кийин 17ге чыккам. Улуу кызымды төрөгөндөн кийин 18 жашка чыккам. Экинчи кызымды 19 жашымда төрөгөм. Кыздарымды жалгыз чоңойтуу оор болгон жок»,- дейт Жетигенова. 

«Белгилүү куудулдун кызы экеним деле билинбейт. Жумуш, үй, балдар. Апамдын өзүнүн жумушу бар. Кичине кезимде деле апам менен гастролдордо жүрчүмүн, ошондо деле сезчү эмесмин. Ар бирибиздин үй-бүлөбүз бар. Апам өзгөчө күз менен кышта ар кайсы жерде жүргөн болот. Бир карасаң Көлдө, бир карасаң Таласта. Көрүшпөй, чалышпай деле калабыз»,- деди кызы Азиза.

«Апам менен сыймыктанам. Мактанбайм. Апа деген апа. Апамдын карьерасы ошол. Жумушу ошондой»,- деди кызы Айпери.