Назым Мендебаиров: «Азиз Мурадиллаев 1 айдын ичинде арыктап, ичине суу толуп, буттары шишип кетиптир»

Өмүрүн театрга арнаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин акыркы күндөрүн кесиптештери эскеришти. «1 ай аралыкта Азиз аябай арыктап, ичине суу толуп, буттары шишип кетиптир. Көрүп алып абдан жаман болдум», — дейт кесиптеши актёр, режиссёр Назым Мендебаиров.

«Жумуштагылардын баары эле Азизге дарылансаң болот, өзүңдү карасаң боло деп айтып жаттык. Мен эле 5-6 жолу айттым. Азизде мурдагыдай болуп жакшы болуп кетем деген ой болсо керек. Арыктап кеткенден кийин көргөндө мен таң калдым. Ага чейин 1 айдай көрө элек болчумун. Ичине суу толуп, өзү арыктап, буттары шишип кетиптир. «Мен ушинтип калдым» дегендей айтты. «Азиз, ооруканага жатсаңчы» дедим. Ал чөп дарыларын ичип жатканын айтты», — деди ал.