Назым Мендебаиров сахналаштырган «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде спектакль тартууланат

Бүгүн, 12-декабрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнү белгиленүүдө. Ага карата жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ала-Тоо» аянтындагы эстелигине гүл коюлду.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты. Мындан сырткары, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Манасбек Мусаевдин “Айтматовдун дүйнөсү сүрөттөрдө” аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Ошондой эле бүгүн кечинде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган адабий кече өтүп, сыйлык ээлерине «Алтын калем» сыйлыгы тапшырылат. Андан соң, Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде даярдалган спектакли көрүүчүлөргө тартууланат. Аталган спектаклди Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров сахналаштырган.