Назым Мендебаировдун агасы, Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров көз жумду

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын көркөм жетекчиси, режиссёр Назым Мендебаировдун агасы Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрынын режиссёр-коюучусу Шамбет Мендебаиров 51 жаш курагында 1-майда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 1972-жылдын 22-август айында Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

1997-2003-жылдары Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун «Режиссура» кафедрасын аяктаган. Окуу жайдын 5-курсунда окуп жаткан мезгилде Нарын облустук музыкалуу драма театрына келип, дипломдук ишине «Жашоо деген…» спектаклин койгон. 2012-жылдан ушул күнгө чейин Нарын облустук академиялык музыкалуу-драма театрында көркөм жетекчи, режиссер-коюучу болуп эмгектенген. Сөөк узатуу тажиясы эртең, 3- май саат 11:00дө Нарын шаарында Жаңы-жол аймагында өтөт.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.