Netflix көк бөрү боюнча тасманы эмнеге Кыргызстанда тартып калган?

Америкалык Netflix стриминг сервиси 2020-жылдын 26-июнь айында «Home Game» даректүү веб-сериалынын биринчи сезонун чыгарган. Сериал «салттуу жана адаттан тыш улуттук спорттун глобалдык көз карашына» багытталган.

Сезондун алтынчы 31 мүнөттүк бөлүгү кыргыздын улуттук көк бөрү оюнуна арналган. Оюн 2019-жылдын август айында Кыргызстандын президентинин кубогунда тартылган. Америкалык кызмат менен сүйлөшүүлөрдү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жүргүзгөн.

Казакстандык оператор Канат Бейсекеев бул тасма Казакстанда тартылмак болгонун айтты. «Көк бөрү федерациясынын жетекчиси тарттырганга уруксат бербей койгон экен. Алардын режиссеру мага болбой жатканын, Ысык-Көлдө тартууну пландап жатканын айтты. А кыргыздар болсо, баарын даярдап беришти. А мен бул долбоорду абдан күтүп жаткам. «Болду, Кыргызстанда тартабыз» дешти. Мен ошол жакка барайынчы деп сурандым. Мен аппаратурамды алып келдим. Мени 4-оператор катары алышты. Алар Казакстандын командасы келет деп күтүштү. Мен ойлодум Казакстандын командасы финалга чыкса, башкы каармандар болот деп. Бирок алар принципке туруп келишкен эмес», — деди ал.