Netflix компаниясы Кыргызстанда салбуурун боюнча тасма тартты

Netflix компаниясы Кыргызстанда тасма тартты. Бул тууралуу БУУнун өнүктүрүү программасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөгө Нидерландыдан тасма тартуучу топ келген. Netflix компаниясынын заказы менен дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү маданий көп түрдүүлүк тууралуу даректүү тасма тартылды. Кыргызстанда тартылган тасма улуттук салбуурун боюнча. Аны 2022-жылы көрсөтүү пландалууда. Тасма 150дөн ашык өлкөдө көрсөтүлөт. Кыргызстан тууралуу эпизодду миллиарддан ашык көрүүчү көрө алат.