«Non Stop» дуэти кайрадан сахнада. Экс-солисттер бириккенин жарыялашты

«Non Stop» дуэти кайрадан сахнада. Топтун мурдагы солисттери Максат Садырбеков менен Чолпон Талипбек бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтышты.

«Биздин кайрадан биригүүбүзгө “Central Asia’s Got Talent” долбоору түрткү болду. Бул долбоорго Кыргызстандын атынан экөөбүз калыс катары чакырылдык. Ушундан улам кайра эле топко биригип, иштешүүнү чечтик. Биз буга чейин тыныгуу жарыялаган элек. Жакшы эле эс алдык. Дуэт катары ыр да жаздырып койдук. Эми алдыда жаңы ырларды жаздырууну улантабыз. Бирок жеке ырчы катары деле ырдай беребиз», — дешти алар.

2018-жылы Максат Садырбеков жеке карьерасын баштап, «Non Stop» тобунан кеткенин билдирген. Ырчылар дуэтте 8 жыл чогуу ырдаган.