Ноорузда президент менен жубайынын алдында ырдаган төкмө акындар аларга айтылган сындарга жооп беришти

Белгилүү төкмө акындар Баян Акматов менен Кубат Тукешов «Жекеме-жеке» долбоорунун коногу болушту. Алар Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында өткөн Нооруз майрамында президент Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарованын алдында ырдаганы тууралуу кеп кылышты.

«Падыша бирөө болсун, калган эл тирөө болсун деген кеп бар. Мен суроону түшүндүм. Негативдерге кандай көз караштасыз деп жатасыз да. Муну көрдүк. Тоолордун бийик жерлеринде бороон-чапкын, мөндүр, ызгаар көп болот. Эч кимиңиздер кайгырбаңыздар. Башыңарга сыноолор келип жатса, силер бийик адамсыңар. Мөмөлүү даракка таш атылат дейт. Бул биздин падыша да. Пахта деген нерсе кайсы жерде коюлуп жатат. Тилек айтуу менен пахта коюунун айырмасы бар да. Алдын ала ушундай нерсе болорун сезгенбиз»,- деди Баян Акматов.

«Бизге чукул айтылып калды. Режиссерлор шаарча болот, ошол жакта тосуп аласыңар деген. Биз массовка катары турабыз деп ойлогонбуз. Бирок төгөсүңөр деп калышты. Анан экөөбүз ойлоно баштадык. Ал жерде ар кандай ырдасак болмок. Сындасак деле болмок. Бирок биз ар бир сабын ойлонуп, кеңешип ырдаганбыз. Тилек айтылган. Дагы деле ырдай беребиз», — деди Кубат Тукешов.