«Ну-ка, все вместе!» сынагына кыргызстандык ырчы катышып жатат (видео)

Кыргызстандык Миңжашар Мурзаев Орусиядагы «Ну-ка, все вместе!» сынагында ырдап, кийинки баскычка жолдомо алды.

«Мен дайыма ырдаганымды угарман менен бөлүшкүм келчү. Ошол үчүн бул жерге келдим», — деди ал.

Ал ырды аткарып бүткөн соң, Сергей Лазарев Бек Исраилов менен Азат Раимбердиевди тааныйбы же жокпу сурады. Мурзаевдин айтымында, Бек Исраилов анын досу, ал эми Раимбердиев анын агасы. «Бир тууган эмес, бирок агам», — деди ал.

Буга чейин аталган сынакка кыргызстандык ырчылар Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев катышып, Раимбердиев 2-орун алган. 

«Ну-ка, все вместе! Народный кастинг» берүүсүнүн экинчи чыгарылышы Екатеринбург шаарында тартылып, дал ошол шаарда вокалисттер тандалды. Калыстар тобунун 10 мүчөсүнүн тең добушун алган ырчы финалда ырдайт.