Нурайым Азыкбаева: «Мерьем Үзерли мени Инстаграмга чыгарып, жылуу сөздөрүн айтат деп күткөн эмесмин»

Бүгүн, 9-сентябрда «Даңазалуу доор» сериалындагы Хүрремдин ролун аткарып, дүйнөгө таанылган актриса Мерьем Узерли кыргызстандык ырчы Нурайым Азыкбаева ырдап жатканда ыйлап жиберген видеосун өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялап, ырчы айымга «сонун аткаруучусуз» деген баа берди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы айым менен байланышты. «Чет өлкөдөгү сынактарга катышып жүргөндө көрүүчүлөр тарабынан мындай эмоциялар болгон. Бирок Инстаграмга көп кызыкпагандыктан сүрөт, видеолорду жүктөчү эмесмин. Ал эми Мерьем Үзерли өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видеону жүктөп, мага жылуу сөздөрдү айтат деп күткөн эмесмин. Ал адамгерчиликтүү, сезимтал, искусствону түшүнгөн адам экен. Жолдошум экөөбүз аспапта кол ойноткондо кол чаап отурду. Биздин аспапты да баалады. Өзүнүн ролу менен дүйнөгө таанылса да, абдан жөнөкөй адам экен», — деди ал.