Нуржаасын Жумагулов: «Апам бөйрөгүн берип, мени экинчи жолу төрөдү»

Эки ай мурун ден соолугу жабыркап, бир бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгон актёр Нуржаасын Жумагуловго Түркиядан ийгиликтүү операция жасалган. Жакында гана мекенине кайтып келген актёрдун ал-абалын сурап, баарлаштык.

«Мага апам бөйрөгүмдү берем дегенде баш тарттым. Апа мен ала албайм, 9 ай көтөрсөңүз, баксаңыз, чоңойтсоңуз анан… Мен баш тарттым. Башка донор издедик. Көп чыкты. Сураштырып отуруп, эгер бөйрөк башка бирөөнүкү болсо, анда жашап кетүү мүмкүнчүлүгү 60 пайыз экен, эгер жакын адамдыкы болсо, 80-95 пайыз дешти. Апам келип, катуу урушуп, ыйлады. Ошондо айла жок болуп калды. Апам мени экинчи жолу төрөдү», — деди ал.