Нуржаасын Жумагулов: «Операциядан эмес, мага бөйрөгүн берген энем үчүн корктум»

Эки ай мурун ден соолугу жабыркап, бир бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгон актёр Нуржаасын Жумагуловго Түркиядан ийгиликтүү операция жасалган. Жакында гана мекенине кайтып келген актёрдун ал-абалын сурап, баарлаштык.

«Менде операциянын өзүнөн коркунуч болгон жок. Энемдин кийинки жашоосу кандай болот деп жаттым. Анын акыбалы кандай болот, не болот… Өзүңдү жей берет экенсиң. Наркоздон чыккан соң ыраазычылык айтыптырмын. Эртеси бастырды. Бат эле бутубузга туруп кеттик. Бул сиздердин дубаңыздардан», — деди ал.