Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык юбилейи белгиленет

Эртең, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаевдин 80 жылдык юбилейи белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында орун алат. Юбилейдин алкагында Нурканбек Турсунбаевдин лирикалык чыгармаларынан турган “Биротоло келдим сага бүгүн мен” аталышындагы концерт коюлат.