Нурлан Насип эшигине белгисиз нерсени чачып кеткен аял тууралуу айтып берди

26-январда ырчы Нурлан Насип үйүнүн эшигине белгисиз нерсени чачып кетишкенин билдирген. 

Ырчы SUPERTV телеканалына ал аял менен жолукканын айтты. «65-66 жаштагы апа экен. Балдары, кыздары менен келишиптир. «Мен жакшылык каалап эле» деген сөздөрүн айтты. Сабыр кылып койдум. Баары бир Кудайдан дейт, бирок өзүмө дем салдырып койдум», — деди ал.