Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова элдештиби? Ырчы айым көпчүлүктүн суроосуна жооп берди

Бул ирет биз ырчы Асел Кадырбекова менен маектештик. Ал интервьюда акыркы жаңылыктары, жашоого болгон көз карашынын, баалуулуктарынын өзгөргөндүгү тууралуу айтып берди.

«Биз Нурлан экөөбүз өзүбүз күнөөлүүбүз. Инстаграм аркылуу көп адамды жашообузга киргизип, отургузуп алыптырбыз. Бактылуулук тынчтыкты сүйөт деген сөз бар го, ошол сөзгө мурда маани бербептирмин. Жашоодогу сыноо, тажрыйбадан кийин жеке жашоо тууралуу кеп козгогум келбейт. Убагы келет, айтчу сөз болот. Ошол кезде айтыш керек болсо, айтабыз. Азыр жеке кылып, айткым келбейт», — деди ал.