Нурлан Насип соцтармактарга тараган видео тууралуу: «Кызым рулду кармагысы келгенинен эле үйдүн алдындагы көчөгө айдаткам»

Социалдык тармактарда ырчы Нурлан Насиптин унаанын алдына кызын отургузуп, рулду башкартып бараткан видео тарады. Айрымдары бул видео боюнча «ырчы мырза жол эрежесин бузгандыгы үчүн жазаланышы керек» деп жазгандары да болду.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги видео тууралуу маалымат алуу үчүн ырчы менен байланышты. Анын айтымында, соцтармактарга тараган эски видео жана ал үйүнүн алдындагы тар жолдо тартылган.

«Бул видео эски видео. Кызым рулду кармагысы келгенинен эле үйдүн алдындагы жолго чыгып, айдап, кызыма рулду карматкам. Мен чоң жолго чыгып алып, айдаткан жокмун да. Эми ушуну жаңылык кылып жаткандары жаман көрүнүш»,— деди ал.