Нурсултан Малдыбаев, Кубат Тукешов… Дагы кимдер “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алды?

Төкмө акын, дастанчыларга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу «Манас» театрынан билдиришти.

Кыргыз улуттук «Манас» театры төкмө акындары Турат Жумаев, Кутман Садыбакасов, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов, Нурсултан Малдыбаев, дастанчылар Бакыт Акматов, Нурсултан Кадыралиев, Калыбек Турганов, Ноорузбек Шабданбек уулу, Адилет Абдыжапар уулу “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланышты.

Өнөрпоздорго сыйлыктарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Темирлан Ажымалиев театрда өткөн жалпы жыйында тапшырды.