Нурсултан Раимбеков Кыргызстандын атынан «Славян базары» фестивалына катышып келди (видео)

Нурсултан Раимбеков «Славян базары» фестивалына Кыргызстандын атынан катышып келди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Раимбеков сынактын жүрүшү жана өзү тууралуу айтып берди. «Мен Оштон болом, 30 жаштамын. 2017-жылы Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы консерваторияны аяктагам. 17 жаштан бери Орусияда, Казакстанда, Түркияда, Кыргызстанда сынактарга катышып жүрөм. Эң эле масштабдуусу «I’m a Singer Kazakhstan» болгон. Ал сынактын финалына чейин жеткем.

Былтыр аталган сынакка Бек Исраилов катышкан. Ал сынакка ар тараптуу адам катышышы керектигин айтып, мени колдоду. Башка катышуучулардай эле заявка толтуруп, комиссия мени тандап алган. Мен жөнөткөндө «ырларды 1 айда алмаштырганга болот» деген жазуу бар болчу. Алмаштырууга жөнөтсөм, болбой турганын айтышты. Себеби, ал жактагы оркестр мурда жөнөтүлгөн ырга даярданып жаткан экен»,- деди ал.

Ал ошондой эле конкурстун жүрүшү тууралуу айтып берди. «Алгачкы күнү толкундандым. Катышуучуларга жаңырык кошушат экен. Сахнага чыкканда жаңырык көп болуп калды. Ошол үчүн мага ырдоо таталыраак, ыңгайсыз болду. Жакшы баалашты. Продюсерлер иштешүүнү сунуштап жатышат»,— деди ал.