Нурзат Токтосунова: «Максат менен ажырашканыбызга көп болду»

Нурзат Токтосунова жолдошу Максат Надырбеков менен ажырашканына көп убакыт болгонун айтты. Маалыматты ал SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунда ачыктады.

“Жашоодо ар түрдүү нерселер болот экен. Кээ бир адамдар жашооңо келет, кайра кетет. Максат экөөбүздүн ажырашканыбызга көп убакыт болду. Алгач элге айтууну туура көргөн эмеспиз. Эми убакыт келди окшойт” деди ал.

Ошондой эле, учурда Максат Надырбеков менен мамилеси жакшы экенин, ортосунда эч кандай уруш-талаш болбогонун кошумчалады.

Толугу менен видеодон көрүңүз: