Нурзат Токтосунова турмушка чыкканын ачыктады

Алып баруучу Нурзат Токтосунова турмушка чыкканын ачыктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Ооба, биз кызым экөөбүз жалгыз эмеспиз. Көп сурай баштадыңар. Атабыз бар. Мындан бир нече ай мурун таанышып, баш кошконбуз. Тагдыр көп сюрприз камдайт тура. Аты Мирлан, менден 5 жаш улуу. Буюрса баары жакшы. Аллага шүгүр. Силерде да жакшы болсун. Ушул жазууларды окуган ар- бир инсанга бакыт каалайм”, – деп жазган ал.

Ал эми биз алып баруучу менен байланышканда, ал маалыматты тастыктап, жакынкы күндөрү жакшы жаңылыгы менен бөлүшө турганын айтты.