Нурзат Токтосунованын тойдо салават айтуу демилгеси сынга кабылды. Өзү эмне дейт?

Алып баруучу Нурзат Токтосунова алгачкы жолу антрактсыз, бийсиз той алып барганын соцтармактагы баракчасына жазып, видео бөлүшкөн эле. «Бүгүн музыкасыз, антрактсыз, бийсиз той алып бардым. Келинди кыздар алып чыгышты. «Нур кыздар» салават группасын ачтым. Мындан ары ислам иш-чараларында салават айтышат. Бата берип койгула. Өтө сүйүнүп турам», — деп жазган ал.

Бул видео интернетте тарап, сынга кабылып, Нурзат Токтосунованы «кыргыз маданиятын чанып жатат» деп айыптай башташкан. Буга карата алып баруучу өз жообун жарыялады.

«Өмүрүмдө 4 миң кыргыздын тоюн алып барсам, анын 3 миңин Манас айттырып ачкам. Миң көйнөк кийсем, 700үн кыргызча тиктирчүмүн. 5 миң иш-чаранын 4500үн кыргызча, калганын башка тилде алып баргам. Дүйнөнү улуттук кийимде кыдырып, маданиятты, тилди мендей тааныткандар көп эмес.

Жоолук салынганыма 4 жыл болду. Азыр да ар бир сабагымда улуттук баалуулуктарды айтып, тарыхчы, манасчы агайларды сүйлөшүп, аларды суранып, сабак бердиртип атканымды кайдан билсин. Негизи эле кыргыздар жаманды гана көргүбүз келип турат. Жакшыны айта албайбыз. Бизди өстүрбөй жаткан ушул сапатыбыз болсо керек. Кыргызстанда ар бир жарандын дин тутуу укугу бар. Эки күндөн бери сөөгүмдү кемирип жаткандар ылайым динге келип калгыла. Мени өңгөчүңөрдү үзө тартып жамандагандын ордуна жапа тырмак улутту көтөрүүгө салым кошкула. Ийгилик», — деп жазды ал.