«Образдарымды Дубайдан буйрутма кылдым». Айгерим Расул кызы дүйнөлүк сулуулар сынагына катышат

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Орусиянын Сочи шаарында өтчү «Дүйнө айымы» («Lady world») сулуу айымдар сынагына катышат. Ырчы айым СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кубанычтуу кабары тууралуу токтолду.

«Аталган сынакка катышууну мага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчиева сунуштады. Бул сынакка 12 өлкөдөн 40 катышуучу катышмакчы. Буга чейин бир катар кароо-сынактарга катышып жүргөнүмө карабай Кыргызстандын атынан чыкканыма толкунданып жатам. Кудай буюрса, даярдык күч. Формаларымды Дубайдагы мыкты дизайнерлер менен иштешип, ошол жактан алдыртып жатам. Сынак 17-сентябрда башталып, 23-сентябрда жыйынтыкталмакчы. Дүйнөлүк сулуу айымдар сынагында Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм», — дейт Айгерим Расул кызы.