«Өлгөндөрдү аялдар көмүп». Актриса Кеңеш Курманалиева бала чагын эскерди

Өмүрүн театрга арнаган актриса, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кеңеш Курманалиева учурда 85 жашта. «Уркуя», «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр» жана башка 30 чакты кино, сериалдарда роль жараткан актриса басып өткөн жолу тууралуу маек курду. «3-класстагы билим менен ушул даражага жеттим, Кудайга миң мертебе шүгүр» деген актрисанын маегин тартуулайбыз.

«Мен 1941-жылы 5 жашта болчумун. 1945-жылы 10го чыктым. Ал убакты Кудай бербесин. Көп адам өлдү. Көмгөндөрдү аялдар көмүп жатты. Апам 3 эркек 4 кыз төрөптүр. Бирөөсү жаш кезинде эле көз жумган экен. Ал эми дагы экөө армияда болду. Бирөөсү барганда эле ашпозчунун жардамчысы болуп, согуштан аман келип, 90 жашында көз жумду. Турмуштун кыйындыгынан 4 кыздан мен эле калдым. Жокчулук да… Ошол убакта мен да жаман оору менен оорудум. Оң бутум бастырбай калган. Апам доктурга алып барам деп калды. Бир абышка «муну ал жакка алып барсаң, бутун кесет» деди. Эгер ишенсең мен айыктырам деди. Ошол киши айыктырган», — деди ал.