Өлкөнүн мыкты саймачылары менен белдемчилери аныкталды

Кечээ, 15-апрелде болуп өткөн республикалык «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалынын жабылуу аземине Маданият министринин орун басары Айнура Аскарова барып катышты. Ал алдыңкы орундарды багындырган катышуучуларга сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

«Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышышты. Кароо-сынак эки багытта, 1-багыт: «Сайма чемпионаты – 2023»; 2-багыт: «Мыкты белдемчи» сынагы болуп өткөрүлдү. Анын ичинен катышуучулар жаш курагына жараша эки топко бөлүндү. 1-топко 17 жашка чейинки мектеп окуучулары кирсе, 2-топко 18 жаштан жогорку катышуучулар таймашышты.

17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында 1-орунду Алтынай Өмүркулова, 2-орунду Назира Барктбасова жана Аяна Айтбаева, 3-орунду Айсанат Мунасбекова жана Аяна Шаршенбаева алды.

Мыкты белдемчи сынагында 1-орунду Айсулуу Абдрахманова, 2-орунду Нургүл Туркменова, 3-орунду Ибарат Амангелдиев ээледи.

18 жаштан жогорку катышуучулар арасында биринчи орунду Ибарат Амангелдиев багындырып, сынактын жеңүүчүсү болду.