«Ооба деп жооп бердим». Ырчы Кызсайкал Кабылованын сүйүктүүсү колун сурады

Ырчы Кызсайкал Кабылованын сүйүктүүсү кечээ, 31-октябрда ырчынын туулган күнүндө колун сурады. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Качан күйөөгө тийесиң, жигитиң барбы?» деген суроолорго биротоло чекит коё турган убакыт келиптир да көрсө. Мен «ооба» деп жооп бердим. Туулган күндөн кийин ушундай окуя болду. Ар бир инсан бактылуу болууга татыктуу», — деп жазды ал.