Ооруганына 13 күн болду. Куудул Рахман Разыков коронавируска чалдыкты

Куудул Рахман Разыков коронавирус илдетине чалдыкты. Маалыматты SUPERTV`га куудул өзү тастыктап, акырын чыккан үнү менен буларды айтты.

«Азыр Ошто ооруканадамын. 13 күндөн бери ооруп жатам. Абалым баштагыга караганда жакшы», — деди ал.

SUPERTV куудулга бекем ден соолук каалап, ооруну тезирээк жеңип чыгышына тилектеш.