«Ооруканада жашап жатам». Гүлнур Асанова апасы жол кырсыкка кабылганын билдирди

Ырчы Гүлнур Асанованын апасы жол кырсыкка кабылып, ооруканада жатат. Бул тууралуу ырчы айым өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жоксуз, эмнеге унчукпайсыз, жооп жазып коюш кыйынбы дегендерге. Ооба, жокмун! Эми гана мээм жакшы иштеп, телефонго кенен кол тийип, Фейсбукка бүгүн кирип жатам. Апам 10 күн мурун чоң жол кырсыкка кабылып, ооруканада жашап жатам. Эки күн реанимациядан чыгышын күтүп, Кудайга жалынып, аманчылыгын тиленип, буйруса, уйкусуз өткөн күндөр артта калды. Саясат, той, балакеттин баары кызыксыз…Ошондуктан аман эле бололу!» — деп жазды ал.