Эртең, 5-сентябрда саат 17:0дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун «Ак-Мөөр» спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
«Ак-Мөөр» спектакли Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата коюлуп жатат.
Эл ичинде уламышка айланган Ак-Мөөр менен Болоттун сүйүүсү тууралуу тасма 1969-жылы тартылган.