Опера жана балет театрында «Ак-Мөөр» спектакли коюлат

Эртең, 5-сентябрда саат 17:0дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун «Ак-Мөөр» спектакли көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

«Ак-Мөөр» спектакли Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата коюлуп жатат.

Эл ичинде уламышка айланган Ак-Мөөр менен Болоттун сүйүүсү тууралуу тасма 1969-жылы тартылган.