Опера жана балет театрынын сезондогу акыркы гала-концерти ачык асман алдында өтөт

30-июнь күнү саат 19:00дө АКыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын 80 жылдык юбилейлик театралдык сезонунун жыйынтыктоочу гала-концерти болот. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Гала-концерт театрдын түштүк тарабында ачык асман алдында өтөт. Ага опера жана балет сахнасынын чеберлери, академиялык хор жана театрдын симфониялык оркестри катышып, дүйнөлүк жана улуттук опера жана вокалдык классиканын чыгармалары аткарылат. Балет бийчилери классикалык жана заманбап хореографиянын номерлерин тартуулашат.
Дирижерлор — башкы дирижер Захар Бутенко, Урмат Тентимишов, Семетей Султанов. Концерттин режиссёру — Жыпара Ибраимова, башкы балетмейстери — Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Канат Надырбек, башкы хор чебери — Кыргыз Эл артисти Карагул Тиленчиев.