Опера ырчысы Ирина Деркембаева 93 жашында дүйнөдөн кайтты

Кечээ, 9-октябрда көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Бурят АССРинин Эл артисти, Данакер орденинин кавалери Ирина Деркембаева дүйнөдөн кайтты.

Ал 1927-жылы 25-декабрда Орусиянын Иркутск облусуа караштуу Үңкүрлик айылында туулган. 1952-жылы Москва консерваториясын аяктап, сахнадагы карьерасын Улан-Удэ музыкалык драма театрында баштаган. 1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болгон. 1978 -жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент болуп иштеп, көптөгөн опера ырчыларын тарбиялаган. Анын репертуарында кыргыздын элдик ырлары, романстары, чет элдик жана орус вокал классикалары болгон. Анын мукам үнү Корея, Индия, Индонезия, Сингапур, Монголия, Польша, Чыгыш Германия, Канадада жаңырып, ийгиликтерди жараткан.

Маркумду акыркы сапарга узаттуу эртең, 11-октябрда саат 11:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө коюлат.