Опера ырчысы Жеңиш Ысмановдун жеке концерти өттү

Кечээ, 4-майда Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынны эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы, чыгаан тенор Жеңиш Ысмановдун жеке концерти өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан үнү эмоционалдык берүүнүн тереңдиги жана техникалык жактан жеткилеңдиги менен айырмаланган таланттын концертине Маданият министри Алтынбек Максутов, Жеңиш Ысмановдун чыгармачылыгынын башатында турган Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов баштаган устаттар Керим Турапов, Муратбек Бегалиев сындуу бир катар чыгармачылык интеллигенция өкүлдөрү, ырчынын ата-энеси жана күйөрмандары катышты.
Концерт чоң симфониялык оркестрдин жана Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестринин коштоосунда өтүп, башкы дирижеру Кыргыз Эл артисти Бакыт Тилегенов болду. Концертте Жеңиш Ысмановдун аткаруусунда улуттук жана дүйнөгө белгилүү чыгармалар жаңырып, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Ал дүйнөгө белгилүү Лучано Паваротти атындагы беделдүү PAVAROTTI D’ORO сыйлыгынын ээси. Бул сыйлык 2007-жылы белгилүү италиялык ырчы тенор Лучано Паваротти каза болгондон кийин негизделип, ал жыл сайын таланттуу опера ырчыларына берилип келет.

Учурда Жеңиш Ысманов Италиянын Милан шаарындагы “Ла Скала” опера театрында эмгектенет.

Ал Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында туулган. 2000-жылы мектепти аяктап, эки жыл Кыргыз улуттук филармониясынын студиясында окуп, мугалими Кыргыз Эл артисти Улукмырза Полотов болгон. Андан соң Кыргыз Улуттук консерваториясын аяктаган.