Опера ырчысы, Кыргыз Эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды

Кечээ, 5-апрелде көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды. Анын ысымы опера искусствосунун күйөрмандарына белгилүү. Ал жылдыздуулугу, өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. Чаек орто мектебин аяктагандан кийин жана Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайда окуган, ал эми 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Аталган окууну аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп иштеп келген.