«Операция болбой турган болду». Түркияга дарыланууга кеткен ырчы Мирбек Иманбековдун абалы айтылды

«Мирбек Иманбеков агабыздын анализдеринин баары жакшы чыкты». Бул тууралуу ырчы Мирбек Масалиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Буюрса, дарыланып, айыгып кетет. Операция болбой турган болду. Ден соолугу чын экен. Эч ким оорубасын», — деп жазды ал.

Буга чейин ырчынын жубайы анын катуу ооруп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып, мекендештерден дуба кылып коюуну суранган. 29-сентябрда Түркияга дарылануу үчүн учуп кеткен.