«Оппозициялык сөздөрдү сүйлөбөгүлө» деген Ырысбек Жабировдун видеосу талкууда. Өзү эмне дейт?

Социалдык тармактарда режиссёр Ырысбек Жабировдун куудулдарга «оппозициялык сөздөрдү сүйлөбөгүлө» дегени тартылган видеосу тарады.

6-декабрда Кыргыз улуттук филармониясында Рахман Разыковдун жаркын элесине арналган иш-чара өткөн. «Рахман ака айтты эле, Рахман ака жазды эле деп оппозициялык сөздөрдү сүйлөбөгүлө. Уктуңарбы?» — деп жатканын угууга болот.

Ырысбек Жабиров бул боюнча үн катып, видео толук эмес экенин жазды. «Концерт алдында куудул ага-инилериме сүйлөгөн сөзүмдүн бир жерин кыркып алып, аны талкууга койгон адамдарга жана ал сөздүн баш-аягын көрбөй комментарий жазган туугандарга айтарым, бир аз анализ жүргүзүп жазсаңар. Видео толук эмес. Анын башында куудул инилериме «Саясаттан башка темаларга да кайрылгыла, азыр көрүүчү саясаттан чарчаган. Казактын Турсунбегиндей, өзбектин Аваз Ахунундай социалдык көйгөйлөр жана турмуштук окуялар менен сатира жараткыла. Бир депутат минтип айтты, бир чиновник антип айтты деп жүрүп, чыгармачылык изденүү болбой жатат» деген элем. Ошол учурда сахна артында баарын чогултуп, бата тилеп баштаган учурда сүйлөгөн сөзүмдү бирөө тартып алып ТикТокко чыгарган экен. Ошону болсо да өзүм чыгарып койдум. Эми менин сөзүмдү ким кандай түшүнөт, ар кимдин өз иши», — деди ал.