«Орел и решка» Кыргызстанда. Көрсөтүү обого сентябрь айында чыгат

Популярдуу «Орел и Решка» туристтик телекөрсөтүүсүнүн алып баруучулары Кыргызстанга келишкен. Бул тууралуу журналисттерге Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тартуу иштери Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында 1-июлдан 17-июлга чейин болгон. Учурда көрсөтүүнүн сырлары ачылбайт. Себеби ал обого сентябрь айында чыгат.